|
Эмгек талаштары боюнча комиссия (этк)
|
|
ЭМГЕК ТАЛАШТАРЫ БОЮНЧА КОМИССИЯ (ЭТК) – КР мыйзамдарында аларды кароонун башка тартиби каралгандардан башка уюмдарда (бөлүмдөрдө) болуучу жекече эмгек талаш-тартыштарын кароо боюнча баштапкы орган. ЭТК 10дон кем эмес адам иштеген уюмдарда кызматкерлердин жана/же иш берүүчүнүн демилгеси боюнча кызматкерлердин жана иш берүүчүнүн өкүлдөрүнөн бирдей санда түзүлөт. Кызматкерлердин өкүлдөрү эмгек талаш-тартыштары боюнча комиссияга шайланышат же кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы тарабынан жиберилет, кийин уюмдун кызматкерлеринин жалпы чогулушунда (конференциясында) бекитилет. ЭТКнын иши, уюмдун жалпы чогулушунда бекиген жобо менен жөнгө салынат.
|